Кыргызстандагы Миң-Куш жана Кажы-Сай калдык сактоочу жайларынын коопсуздугун бекемдөө үчүн Орусиядан 500 миллион рубль алынганы жатат. Тийиштүү макулдашуу Жогорку Кеңеште бүгүн, 11-июнда ратификацияланды.
Маалыматка таянсак, өлкөдө калдык сактоочу 92 жай бар, анын 33ү кооптуу абалда.