Депутаттар Мамлекеттик мүлк фондунун өкүлүнө “иштей албасаңыз кетиңиз” дешти

Парламенттин 12-июндагы жыйынында депутаттар Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары Бакыт Шаршеналиевди сынга алышты. Жыйында “КРда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда депутат Карганбек Самаков өкмөт өкүлүн суроого жооп бере албаганын айтып чыкты. “Бул жерге жооп бере албагандан кийин келбей эле койбойсузбу? Ушул жерде оозуңузду ачып Жогорку Кеңештин токтомун бүтүндөй жокко чыгарып отурасыз. Иштей албасаңыз кетиңиз”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан