Ысык-Кɵл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында 12-13-июнь күндөрү КРнын судьялары үчүн «Жарандардын ар-намыс, кадыр-баркын, юридикалык жактардын ишкердик беделин коргоо иштерин карап чыгуу өзгөчөлүктөрү» аталыштагы 2 күндүк семинар өтөт. Ага 18 судья катышып жатат.
Семинарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Айжамал Ажибраимова жана Украинадан келген эксперттер окутушууда. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьяларды окутуу борбору, «Институт Медиа Полиси» коомдук фонду жана "Media Legal Defense Initiative" менен биргеликте ишке ашырылууда.