Ош шаарына газ берүү маселеси күзгө чейин чечилери айтылууда. Муну 12-июнда “Парламент” радиосундагы маегинде депутат Кожобек Рыспаев өкмөткө шилтеме берүү менен билдирди. Айтымында, ушу тапта “Газпром” “Кыргызгазды” сатып алуудагы документ иштерин бүтүрүүдө. “Кыргызгаздын” жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев документтештирүү иштери узакка созуларын билбегенин, бул жаатта күнөөсү бар экенин айтты. Азыр жай мезгили, суук түшө элек. Жарандар туура түшүнүп, электр энергиясы менен жашап турушу керек”,- деди депутат.
Рыспаев Өзбекстандын кыш мезгилинде да газды токтотуп коюп жүргөнүн эске салып, коңшу өлкөнүн мындай аракети туура эмес болуп жатканын кайталады.