Кечээ, 11-июндан тарта Москвадагы ири соода борборунда Путиндин элеси түшүрүлгөн футболкалардын топтому сатыкка чыкты. Ага өлкө башчысынын деңизчи, аскер, турист катары түшкөн сүрөттөрү түшүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, үлгү катары 1000 даана футболка чыгарылган. Бир даанасынын баасы орточо эсеп менен 1800 сомдон (1200 рубль) сатылган.
Коллекцияны түзүүчүлөр бул иш-чараны Крымдын Орусияга кошулушу жана Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ийгиликтүү өтүшү менен байланыштырышат.