Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын курамындагы парламент жетекчилери менен бирге 12-июнда Азербайжандын туңгуч президенти Гейдар Алиев менен анын жубайына арналып орнотулган эстеликке гүлчамбар коюу аземине катышты. Муну ЖКдан билдиришти. Андан кийин парламент жетекчилери Шахиддер аллеясынын мемориалдык комплексине да гүлчамбар коюшту.
Эске салсак, 12-13-июнда Азербайжандын борбору Бакуда ТүркПАнын V пленардык жыйыны өтөт. Ага кыргызстандык делегация да катышууда.