"Мекен ынтымагы" саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков Ош шаарындагы журналисттер менен бейформал жолугушуу өткөрдү.
Анда Кыргызстандын бүгүнкү социалдык-экономикалык абалы, жаш муундун Кыргыз Республикасына чоң салым кошкон тарыхый инсандарыбызды таанып-билүүсү, тышкы карыздар, миграция, чек ара маселелери жана газ маселеси талкууга алынды.
Аймактардагы жолугушуулар Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун тургундары менен уланды. Ал жерде коомдук-саясий багытта суроо-жооп иретинде баарлашуу болду.
Базар-Коргон элинин Асанбековдун эмне үчүн саясатка аралашканы тууралуу суроосуна ал: «Мен көп жыл чет өлкөдө жашадым. Ал жакка барган мигранттарыбыздын абалын өз көзүм менен көргөндөн кийин кайдыгер болуп четте тура алган жокмун. Элимдин жана Кыргызстандын келечеги мен үчүн абдан маанилүү деп ойлогонум үчүн саясатка аралаштым»,- деди.
Бул жыйынды 400дөн ашуун жарандарыбыз катышкан "Мекен ынтымагы" саясий партиясынын Базар-Коргон райондук аймактык уюмунун кеңсесинин ачылыш аземи коштоду. Темирбек Асанбеков: "Коомубузда саясий аң-сезимди көтөрүп, бийлик кабыл алып жаткан чечимдерге керектүү баа бергидей абалга жетишишибиз керек",- деген оюн айтты. Жергиликтүү тургундар Кыргызстанда реформа жасай ала турган жана экономиканы өнүктүрө ала турган жаңы саясий жүздөр келиши керек деген позицияларын баса белгилешти. Бул тууралуу аталган партиядан 17-июнда билдиришти.