"Кыргызгаз" сатылып жатканда Энергетика министрлиги менен "Кыргызгаздын" жетекчилиги "Газпром" тууралуу гана маалымат беришпестен, долбоор толук иштегиче Өзбекстандан газ алуу үзгүлтүккө учурабай турганын айтып ишендиришкен. Бирок ал убадалар аткарылган жок",- дейт депутат Кожобек Рыспаев. Муну депутат 12-июнда "Парламент" радиосундагы түз байланышта айтты. Депутат газдын берилбешин коңшу өлкөнүн жеке кызыкчылыгы менен байланыштырды.
"Өзбекстандын газды бууп жатышы, алардын чек ара маселесинде талап кыла турган жеке кызыкчылыгындагы маселелер менен байланышып тургандай. Ошондуктан газ маселесин чечебиз деп чек ара тилкелерине зыян келтирип албашыбыз керек",- дейт депутат.