Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 12-июнда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын V пленардык отурумунун алкагында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Жемил Чичек менен пикир алышты.
ЖКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, Асылбек Жээнбеков алгач ушул жылдын 13-майында Маниса дубанындагы Сома шахтасындагы каргашалуу окуяга байланыштуу кесиптешине көңүл айтты. Ирактагы жан кечтилер тарабынан барымтага алынган түрк жарандарына камтама болуп жатканын билдирди.
Жамил Чичек ТүркПАга төрагалык кылган бир жыл аралыгында алгылыктуу иштер болгонун билдирди. Буга улай Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп тармактуу карым-катыш ырааттуу өсүп баратканына токтолду.
Түркия парламентинин жетекчиси кыргыз-түрк мамилеси боордоштук, бир туугандык нукта улана берерин, расмий Анкара Кыргызстанды ар тараптан колдоого даяр экендигин ырастап: “Кыргызстан парламенттик демократияны тандоо аркылуу туура жана келечектүү кадам таштады. Мындай багыттан тайбаңыздар”, - деди.
Асылбек Жээнбеков: “Түрк тилдүү мамлекеттерди ТүркПАнын курамына киргизели деп жүйөлүү демилге көтөрдүңүз. Бул келечекте жүзөгө ашарына ишенем. Биз учурда парламенттик демократиянын пайдубалын бекемдеп жатабыз. Ушул жол гана биздин өнүгүүбүздү камсыздайт”,- деп билдирди.