Тайырбек Сарпашев: “Алтын кен” ишканасында иштегендердин 60 пайызы кыргызстандыктар”

Парламенттеги КСДП фракциясында бүгүн, 13-июнда “Талды-Булак сол жээк” кениндеги иштеп жаткан “Алтын кен” компаниясынын ишмердүүлүгү талкууланды. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Сарпашев 2 айда аталган компаниянын иштешинде алдыга жылыштар бар экенин айтты. “Ушу тапта жумушчулардын баары келишимге өткөрүлүп, салыктар менен социалдык төлөмдөр толук төгүлө баштады. Келишимге ылайык, кыргыз-кытай жумушчулар 50-50 пайыздан кабыл алынышы керек болсо, иш жүзүндө кыргыз жумушчулары 60 пайызды түздү. Кен иштей баштаса, кыргыз жумушчуларынын саны 90 пайызга жеткирилет”,- дейт өкмөт мүчөсү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан