Бишкекте 5 айда 2500 чарбалык мекеменин санитардык абалы текшерилди

Бишкекте 2014-жылдын 5 айында 2503 чарбалык мекеменин санитардык абалы текшерилди. Текшерүүдө 1920 талап кылуу документи (предписание) түзүлгөнүн мэрия кабарлады. Оор таштандыларды чыгаруу келишими боюнча 525, таштанды чогултулган жайлардын баш аламан жайгашуусу боюнча 70, туура эмес жерде жайгашкан унаа жуучу жайлар боюнча 7, аймактын көрксүздүгү боюнча 1208 талап кылуу кагазы толтурулган. Таштанды чогултуудагы эреже бузуулар Абдрахманов, Ахунбаев, Орозбеков, Осмонов көчөлөрүндө, Асанбай жана №4-кичи районунда көп кездешкени айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан