Монголияга иш сапары менен барган биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев аталган өлкөнүн вице-премьер-министри Дэндэвийн Тэрбишдаг менен жолугушту. Сүйлөшүүдө Сарпашев Бишкек – Улан-Батор – Бишкек түз аба каттамы өлкөлөрдүн байланышын жандантканын айтты.
“Монголия - дүйнөдө туруктуу өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Силер айыл чарба жана тоо кен иштетүү тармагында жагымдуу инвестициялык климат түздүңөр. Кыргызстанда да инвестиция тартуудагы приоритеттүү багыттарынын бири - агрардык тармак жана кен иштетүү. Бул жаатта Монголиянын тажрыйбасын изилдеп көрүүгө кызыкдарбыз”,- деди Сарпашев.
Муну бүгүн, 13-июнда өкмөттөн билдиришти.