Динар Турдумалиева Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигинин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка шаар башчысы Кубанычбек Кулматов кол койгонун мэриядан билдиришти.
Д.Турдумалиева 1976-жылы туулган. Жогорку билимдүү, кесиби - юрист. Буга чейин Каржы жана Экономика министрликтеринде иштеген.