Парламенттеги Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 16-июнда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2013-жылдагы отчётун укту. Комитет мүчөлөрү төраганын отчётун уккан соң Улуттук банктын өткөн жылдагы аткарган иштерин жактырды.
Эске салсак, Толкунбек Абдыгулов 29-майда Улуттук банктын төрагасы болуп шайланган. Ага чейинки төрайымы Зина Асанкожоева өз каалоосу менен кызматтан кеткен.