Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн Алайда жол тоскондор менен жолугушат

Бүгүн, 17-июнда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Алайда Ош-Эркеч-Там унаа жолун тосуп турган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу вице-премьердин басма сөз катчысы билдирди.

Айтымында, Маматалиев 27-майдан бери унаа жолду тосуп турган эл менен жолугушуп, аларды жолду ачууга чакырат.

Маматалиев бүгүн Алайдагы Келдибековдун тарапташтары менен жолугушуу үчүн учуп кетти. Анда эл менен жолугушуп, алардан жолду ачууну өтүнөт”,- деди басма сөз катчысы.

Эскерте кетсек, Алайда 200гө чукул жаран Ош – Эркеч-Там унаа жолун 27-майдан бери бууп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан