Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев 17-июнда Чүй облусунун Кант шаарындагы Азия медициналык институтуна иш сапары менен барып, окуу жайдын материалдык-техникалык базасы менен таанышып, эмгек жамааты, студенттер менен жолугушту. Муну ЖКдан билдиришти.
Жолугушууда окуу жайды негиздеген Эркин Тентишев көптөгөн текшерүүлөр болуп, окуу жайды жабууга аракет жасалып жаткандыгын билдирди. Ата-энелер менен студенттер окуу жайды бүтөргө 1 ай калганда жүргүзүлгөн текшерүүлөргө нааразычылык билдиришти. Институтка өткөн жылы Билим берүү, илим министрлиги 2018-жылга чейин иш алып баруусуна уруксат берилгендиги да айтылды.
Каныбек Осмоналиев өткөн жылы эле аккредитациядан өткөрүлсө, быйыл бүтүрүү экзаменин токтотууга эч кимдин акысы жоктугун белгилеп, министрликтин өкүлүнө бул окуу жайга бүтүрүү экзаменин уюштуруу жагын табыштады. Ошону менен өзү жетектеген Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети алдыдагы жыйындарынын биринде бул маселени карап, өз көз карашын билдире тургандыгын кошумчалады.