Президент Алмазбек Атамбаев “Дене тарбия жана спорт” мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул боюнча бүгүн, 16-январда президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Аталган мыйзам 2012-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда машыктыруучу жана октуучулардын социалдык жактан корголуусун жогорулатуу тууралуу жазылган.
Муну менен катар “Ден тарбия жана спорт” мыйзамына машыктыруучу жана октуучулардын эмгек жылдары тууралуу кошуу каралууда.