Мэрия: Бир гана талапкер катышып, "Тез жардам" автоунааларын сатып алуу боюнча тендер өттү деп эсептелбей калды

Кечээ, 18-июнда Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин жыйындар залында 15 санитардык "Тез жардам" автоунаасын сатып алуу боюнча тендерге катышкан талапкерлердин конверттерин ачуу аземи болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдын 18-беренесине ылайык, тендерге катышкан сатып алуучу талапкерлердин саны экиден кем эмес болуусу зарыл. Тендерге алдын ала 6 талапкер катталган, ал эми сатып алууга катышуу үчүн бир гана талапкер өтүнмө берген. Ошого байланыштуу тендер өткөрүлдү деп эсептелген жок” деп айтылат билдирүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан