Асылбек Жээнбеков депутат Келдибеков боюнча: "Акыркы өкүмдү сот чыгарат, ага эч кимдин кийлигишүүгө укугу жок"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 19-июнда Алай районунун Сопу-Коргон айылынан келген депутат Ахматбек Келдибековдун 8 тарапташын кабыл алды. Жолугушууда Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү жана 27-майдан бери буулуп турган Ош - Эркеч-Там жолун ачуунун тегерегинде сөз жүрдү.

Келдибековду коргоо комитетинин өкүлү Мамбетжунус Абылов кырдаалдан чыгуунун 3 вариантын сунуш кылса, дагы бир өкүл Артисбек Абылаев Ош-Эркеч-Там унаа жолун тосуу башынан эле туура эмес кадам болгонун, эми маселени оң жагына чечүү керектигине токтолду. 

"Мен башынан эле жол тосууга каршы чыккам. Болор иш болду, эми баарыбыз акыл токтотуп, сүйлөшүү аркылуу бир чечимге келишибиз абзел. Мындай учурду колдон чыгарбай, өз кызыкчылыгына пайдаланууну көздөгөн күчтөр бар. Биз алардын жетегине азгырылып, алданып калбайлы",- дейт Абылаев. Өкүлдөр А.Келдибековдун маселесин акыйкат, калыс карап, баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууга көмөктөшүүсүн төрагадан өтүнүштү.

Асылбек Жээнбеков кандай гана маселе болбосун мыйзам чегинде чечилиши керектигин, соттук териштирүүгө кийлигишүүгө эч кимдин укугу жоктугун айтты. Стратегиялык маанидеги унаа жолун тосуп, мыйзамсыз талаптарды коюу аркылуу укуктук маселени чечүү мүмкүн эместигин айткан төрага жол ачылышы керектигин белгиледи. "Алгач Ош - Эркеч-Там унаа жолу ачылышы абзел. Ал эми акыркы өкүмдү сот чыгарат, ага эч кимдин кийлигишүүгө укугу жоктугун дагы бир ирет кайталайм",- деди спикер.

Жыйынтыгында өкүлдөр орозо башталганга чейин жол тосуп тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан