"Дом мечты" компаниясы өздүк рекордун жаңылап, бир жарым жылда 100 имарат тургузду. Бул тууралуу 20-июнда аталган компаниядан маалымдашты. Маалым болгондой, жүзүнчү имарат мансард стилинде Алматы шаарында курулду. Адистердин айтымында, аз убакыт ичинде үй тургузуу ишмердүүлүгү күн санап өнүгүүдө. Мансард технологиясы менен ишке ашырылган курулуштар жеке буюртмалар менен жана коттедждерди курууда көп пайдаланылат. Бул курулуш процессин алда канча жеңилдетип, жеке үйлүү болгусу келгендер үчүн шарт түзүп бере алат.
“Дом мечты” компаниясы ар тараптуу курулуштар менен иш алып барат. Анын ичинде турак жайлар, коттедждер, мейманканалар, ресторан, кафе, унаа жуугуч, унаа оңдоочу жай, жадакалса мектеп, спорттук зал да бар.
Кыргызстанда “Дом мечты” компаниясынын бардыгы "үй куруу узак, кымбат жана түйшүктүү" деген эски стереотиптерди жокко чыгарат. Өлкө аймагында аз убакыттын ичинде имарат тургузуу популярдуу болуп жаткандыгы Казакстандагы каркас менен үй тургузуу технологиясына атаандаштыкты жарата алат.
Өткөн жылы компания 70тен ашуун объектти тургузду. Азыркы тапта 28 имарат курулуп жатат. Жалпысынан 2014-жылдын 16-июнуна карата 100 имарат тургузулуп бүттү. Көпчүлүк курулуштар Бишкек шаарында, Ысык-Көл жана Чүй облустарында жүргүзүлдү. Ош облусу боюнча үчүнчү имараттын курулушу аягына чыкты.