Аксыда митингчилер акимге өз талаптарын айтышты

Аксы районунун борборуна митингге чыккандар аким Медетбек Айдаралиев менен жолугушуп, өз талаптарын айтышты. Муну бүгүн, 20-июнда райондогу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Батыркул Шабданов билдирди. "Мен азыр эле ошол жактан келдим, митингге 20-30дай адам чогулду. Алар райондук ички иштер башкармалыгынын мурунку башчысы Абдырашит Керимбековдун иштен мыйзамсыз бошотулганын билдиришүүдө",- дейт Шабданов.
Эскерте кетсек, акимдин отставкасын талап кылган митинг буга чейин Кара-Жыгач айылында өткөн. Митингчилер аким кадрдык дайындоолордо уруучулукка маани берип жатканын айтышкан эле.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан