Чүй облусунда Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттарына ювеналдык юстиция боюнча окутуу иштери өткөрүлөт

25-26-июнда Чүй облусунда КРнын Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттарына ювеналдык юстиция боюнча окутуу иштери өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Европа союзунан кабарлашты.

Окутуу иштери “Жаштардын укук коргоо тобу” коомдук уюму, Орто Азиядагы эл аралык абак реформасындагы “Эркинен ажыратылган жайдагы аялдардын жана балдардын кызыкчылыгы үчүн жарандык көзөмөлдөө механизми” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын алкагында ювеналдык юстициянын жаралыш тарыхы, башка өлкөдөгү ювеналдык юстициянын моделдери, мыйзамда чырлашкан жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөөнүн эл аралык стандарты, улуттук мыйзамдуулук, КРнын ювеналдык юстициясы жана башка маселелер каралат.

Семинарга КРнын Ички иштер министрлигинин академиясынын окутуучулары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан