Кыргызстанга 3 миллион сомдон ашуун гуманитардык жардам көрсөтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын май айында Кыргызстанга 3 миллион сомдон ашуун гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Белгилүү болгондой, БУУнун "Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк" программасы тарабынан буудай уну, саламаттыкты сактоо жана пенитенциардык тутумга дары-дармектер, медициналык буюмдар келген. Мындан тышкары айыл чарба техникалары, кийимдер, колдонулган унаалар, спорттук шаймандар тапшырылган.

Гуманитардык жардамдын жалпы көлөмү 3 миллион килограммды түзгөн.

Жардам Орусия, Кытай, Түркия, АКШ, Индия, Швейцария, Германия, Испания жана башка мамлекеттерден келип түшкөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан