Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык жана райондук жетекчилерине окутуу иштери жүргүзүлдү (фотолор)

18-20-июнда КРнын ӨКМнын атайын куткаруучулар отрядынын республикалык базасында Жалал-Абад, Баткен, Оштун Өрткө каршы кызматынын мамлекеттик агенттигинин жана аталган министрликтин шаардык жана райондук жетекчилерине методикалык окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул окутуунун максаты - чеберчиликти жана жардам көрсөтүүдө колдонулган профессионалдуу жабдыктар менен иштөөнү күчөтүү.

Окутуу практикалык жана теориялык методунда жүргүзүлгөн:

- Жарандык коргонуудагы мамлекеттик систем;

- КРнын ӨКМнын функциясы жана милдеттери;

- Жашыруун жана жашыруун эмес иш жүргүзүү;

- Аскер кызматкерлерин кийим-кечектер менен камсыз кылуу тартиби;

- Өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдардын классификациясы;

- Өрткө каршы даярдык жана башка окутуулар өткөрүлгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан