Мавлян Аскарбеков: "Баткендеги күч органдары чек ара боюнча жыйыныбызга элдин катышуусуна тыюу салыптыр"

Бүгүн, 24-июнда жаш активисттер Баткенде жыйын өткөрүп, чек ара маселесин талкуулашты. Маданият үйүнүн алдында өткөрүлгөн жыйын тууралуу “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков SUPER.KG порталына билдирди.
“Биз Баткен шаарынын Маданият үйүнө чоң жыйын уюштуруу үчүн алдын ала акчасын төлөп, квитанциясын алганбыз. Ошондой эле жергиликтүү телевидениеден, радиодон жыйынды чагылдырып берүү макулдугун алганбыз. 
Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, облус башчысынын орун басары биз менен сүйлөшкөн массалык маалымат каражаттарынын, Маданият үйүнүн башчыларын коркутуп, биздин берүүнү берүүгө тыюу салыптыр. 
Бүгүн болсо Маданият үйүн жаап салышты. Андан соң Коопсуздук кызматы үймө-үй кыдырып, биздин тарапташтарыбызды коркутуп, жыйынга катышууга тыюу салышыптыр. Жыйынды Маданият үйүнүн алдында өткөрдүк.  
Азыр Ак-Сай - Ворух кыргыз-тажик чек арасында турабыз. Ал жерде эл менен сүйлөшүп, оор абал түзүлгөнүн көрдүк. Тилекке каршы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин жаап-жашырып жатышат. Биздин максат - көйгөйлүү чек ара маселелери менен жеринен таанышуу, ал маселелерди борбордук бийликке жеткирүү жана чечүүнү талап кылуу”,- дейт Мавлян Аскарбеков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shutUP
2014-06-25 09:52:45
АШАнын бийлиги аша чаап баратат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан