Вице-мэр Олег Попиков: “Кийинки жумада эскирип, коркунуч келтирип жаткан дарактарды кыйып баштайбыз”

Бүгүн, 25-июнда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Кубанычбек Конгантиев катуу шамалдан улам кулап түшүп, адамды басып калган дарак боюнча эскертти.

Ал “мэрия шаардык кеңештин сын-пикиринен же кырсык болгондон кийин гана иштей баштайт” деди. Буга Бишкектин вице-мэри Олег Попиков: “Аталган кырсыктан улам комиссия түзүлгөн. Жакында ал отчётун берет. Кийинки жумада коркунуч келтирген дарактарды кыйып баштайбыз. Ошол эле учурда жаңы дарактарды отургузабыз”,- деп жооп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан