“Кыргызгаз” ишканасы Бишкектин борборунда газдын өчүрүлүшү тууралуу билдирүү жасады

2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн газ өтмөктөрүн жана жабдыктарын коопсуз эксплуатациялоо, газды колдонуучуларга үзгүлтүксүз берүү максатында “Кыргызгаз” ишканасы Лев Толстой, Бейшеналиева, Жибек Жолу, Гоголь көчөлөрүндөгү райондорунда оңдоп-түзөө иштерин пландаган. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында ысык суунун пландуу өчүрүлүшүнө байланыштуу газ өтмөктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштери бир айга жылдырылып, ал 2014-жылдын 1-июлунан 1-августуна чейин жүргүзүлөт.

“Кыргызгаз” ишканасынан билдиргендей, Бишкекте 70-жылдары долбоордун сметалык документинде жогоруда көрсөтүлгөн аймактар айланма схемасы катары бекитилген. Бул газ өтмөктөрүнүн айланма схемасында газды толук эмес же болбосо этаптуу өчүрүүгө техникалык жактан мүмкүн эмес.

Пландалган ишти жүргүзгөндөн кийин мындан ары газды толук эмес же болбосо этаптуу өчүрүүгө мүмкүн болот.

Ошондой эле газ өчүрүлгөн учурда адистер газ өтмөгүндөгү шаймандарды алмаштырышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан