Кемин районунда селден жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөт

Кемин районунда селден жабыр тарткандарга жардам көрсөтүлөт. Бул буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 25-июнда билдирди.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын 7-май күнү Чүй облусунун Кемин шаарындагы жана Кемин районундагы айрым аймактардагы 240 үйдү сел каптаган. Алардын 15и 4-даражада, 75и 3-даражада, ал эми 150 үй 2-даражада зыян тартканын эксперттер аныкташкан. Алардын оорчулугуна карап 4-5-даражадагы оор абалда турган үйлөр калыбына келтирилет.

Ошондой эле Айыл чарба министрлигине Калмак-Суу каналын оңдоо иштерин жүргүзүү милдети жүктөлдү. Мындан тышкары КРнын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн 24 тонна ун жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 100 килограммдан тапшырылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан