Москвада өтүп жаткан бильярд боюнча Кремлдин Кубогунда Каныбек Сагынбаев армениялык А.Габриелянды 5:3 эсебинде утуп, жарым финалдын жолдомосуна ээ болду. Учурда Сагынбаев атаандашын күтүп жаткан кези. Эгер К.Есиддинов украиналык Д.Белозеровду өтө алса, анда 2 мекендешибиз финалга чыгуу үчүн өз ара күч сынашат. Есиддинов-Белозеров тиреши уланууда. Азырынча эсеп 3:1, украиналык спортчунун пайдасына. Эске салсак, оюнда 5 партияны атаандашынан мурда ута алган оюнчу жеңип чыгат.