Каныбек Сагынбаев чемпиондук үчүн кумири Евгений Сталев менен күч сынашат
Бир нече мүнөттөр мурда Москвадан кыргыз спорту үчүн сүйүнүчтүү кабар келди. Мекендешибиз Каныбек Сагынбаев бильярд боюнча Кремлдин Кубогунда финалдык жолдомону утуп алды. Ал жарым финалда украиналык Д.Белозеровдун (кыргызстандык Есиддиновду чейрек финалда 5:2 эсебинде утуп алган) айласын таба алды. Сагынбаев 2:0 эсебинде утулуп баратып, аягында 5:2 эсебинде жеңишке жетишти. Эми финалда ага айтылуу Евгений Сталев каршы турмакчы. Айта кетсек, Сагынбаев орусиялык Сталевди бала кезинен кумир тутуп келет. Финал эртең түштөн кийинкиге пландаштырылган.