Уюлдук операторлордун Sim-карталары учурда телефон жана смартфондорго гана эмес, башка заманбап техникалар үчүн да кеңири керектелүүдө. Sim-карталарды үн байланышынан тышкары мобилдик интернетти пайдаланууда да абоненттер көп колдонушууда. Мындан улам MegaCom компаниясы планшеттер, нетбуктар жана ноутбуктар үчүн иштеп чыккан DEVICE жаңы тарифтик планын сунуштайт. Суткасына 20 сом төлөп, максималдуу ылдамдыктагы чексиз мобилдик интернетти колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
DEVICE тарифине *303*36*1# кыска буйругун терүү аркылуу кошулууга болот (өтүү наркы – 40 сом). Аталган тарифтик планга кошулуп, дүйнө желесинин ресурстарынан толук пайдаланыңыз. Ар түрдүү көлөмдөгү интернет-трафикти камтыган DEVICE интернет-топтомдору боюнча пайдалануу мөөнөтү 30 күнгө көлөмү 5 ГБ берилет жана анын наркы 1150 сомду түзөт.
10 ГБ 1750 сом турат жана пайдалануу мөөнөтү 30 күнгө барабар болот. «ТУРБО-БАСКЫЧ», наркы 300 сом, каалаган жерде жана убакытта жогорку ылдамдыктагы чексиз мобилдик интернеттен пайдаланууга шарт түзөт. DEVICE тарифтик планы тууралуу толук маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан алууга болот.
Телекоммуникациялар тармагындагы эксперттер, «Маалымат коому» коомдук фонду ылдамдыгы чектелбеген жана ири көлөмдөгү трафикти камтыган MegaCom операторунун мобилдик тарифтер түркүмүн эң эле рационалдуу жана ырааттуу деп табышкан. MegaCom’дун мобилдик интернети дайыма сиз менен!