Өкмөт башчы кылмыш-жаза системиндеги ишмердүүлүк менен таанышуу максатында барып, №31-түзөтүү абагында кургак учукка чалдыккандарды дарылоо үчүн курулуп жаткан жаңы корпустардын абалын көрдү.
"2015-жылы өлкөдө алгачкы жолу өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн түрмө ачууну пландап жатабыз. Аталган маселенин маанилүүлүгүн эске алуу менен Каржы министрлигине аткарыла турган ишти өз учурунда бүтүрүү боюнча тапшырма берем. Жаза аткаруу кызматы үчүн бюджеттен 800 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнөрүн билебиз.
2015-жылы аталган мекемеде иштегендердин кызматынын маанилүүлүгүн белгилеп, бөлүнүүчү каражатты көбөйтүүнү пландап жатабыз. Кыргыз өкмөтү Жаза аткаруу кызматында иштегендер өмүрүн тобокелге салып иштээрин эске алып, 2014-жылдын 1-апрелинен тартып 4 миңге жакын кызматкердин айлык маянасын жогорулатты",- деди өкмөт башчы.