Бишкекте Ооган согушунун ардагерлерине эстелик медалдары тапшырылды

Бүгүн, 4-июлда Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 25 жылдыгынын урматына Ооганстандагы согуш аракеттерине катышкан кыргызстандыктарга эстелик медалдарын тапшыруу иш-чарасы болуп өттү. 

Ага Жогорку Кеңештин депутаты, Ооганстан согушунун ардагерлеринин Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кожобек Рыспаев, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекова, Ооганстан согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Тыныбек Кадыров катышты. Бул тууралуу ЖКдан билдирди. 

Кожобек Рыпаев өз сөзүндө “ооганчылар” коомубуздун ынтымактуу жана биримдиктүү бөлүгү экенин баса белгилеп, кайсы жерде болбосун бири-бирин колдоого даяр экенин билдирди. “Азыркы тапта мамлекет тарабынан Ооган согушунун катышуучуларын, анда курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүн турмуш-тиричилик, медициналык жактан камсыздоону жакшыртуу үчүн чоң күч-аракеттер көрүлүп жатат”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан