Бүгүн, 7-июлда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылында "Кассан" сурьма кенине чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун берүү боюнча аукцион уюштурулду. Ага төмөнкү компаниялар катышты:
"Терек-Сай Стибиум";
"Жанг Юань Девелопмент";
"Терек-Сай жаштары";
"Камбэй";
"Андагул";
"Сан Фенг";
Жеке ишкер Таалайбек кызы Жанаркүл;
Жеке ишкер Ядгаров А.К.
Бирок аукционду өткөрүүгө белгисиз күчтөр тоскоолдук кылган. Мунун айынан аукциондук комиссия иш-чараны токтотуп, аны башка күнгө белгилөө чечимин кабыл алды. Кийинки аукцион 30 күндүн ичинде өтмөкчү. Аукционго көз карандысыз байкоочу катары Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышканын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги кабарлады.