Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети 10 айда караган мыйзам долбоорлорунун ичинен бешөөнө президент кол койгон. Комитет кол коюлган мыйзамдардын ичинен маанилүүлөрүн атайын бөлүп көрсөттү. Алар төмөндө:
Биринчиси: Комитеттин 3 отурумунда каралган (2013-жылдын 21-октябрында, 2013-жылдын 16-декабрында жана 2014-жылдын 20-январында) депутат Исмаил Исаков демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору. Жогорку Кеңеш бул мыйзамды 2014-жылдын 22-январында үчүнчү окууда кабыл алып, 2014-жылдын 20-февралында президент кол койду.
Бул мыйзам менен Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой ала тургандыгы жөнүндө Жазык-процесстик кодекске толуктоо киргизилди.
Экинчиси: Комитеттин 3 жыйналышында өкмөт демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, 2013-жылдын 31-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда кабыл алынган. Президент мыйзамга 2013-жылдын 11-декабрында кол койду.
Мыйзамды кабыл алуу менен Жарандык-процесстик кодекстин 98, 140, 141-1, 146, 420, 424-беренелерине өзгөртүү жана толуктоо киргизилди, ал доону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, бейтарап соттордун чечимдерин аткарууну камсыз кылуу процессин тездетүү үчүн тиешелүү сотко бейтарап териштирүүгө тараптардын кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары бул өзгөртүүлөрдү кабыл алуу бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткарууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартуу жөнүндө же берүү жөнүндө соттун аныктамасына даттануу мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берет.
Үчүнчүсү: Комитет жактырган дагы бир демилге - "Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору.
Бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 2013-жылдын 26-декабрында кабыл алган жана 2014-жылдын 27-январында президент кол койгон.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, көрсөтүлгөн мунапыс жөнүндө мыйзам соттолгон 1752 адамга карата колдонулду, анын ичинде 89 адам негизги жазаны өтөөдөн бошотулду, 27 адам жазык жоопкерчилигинен бошотулду, 1636 адамга жазаны өтөө мөөнөтү кыскартылды.