Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 10-июлда Баткенде болгон кыргыз-тажик чек арачыларынын атышуусунан кыргыз тараптан жаракат алгандар жок экенин SUPER.KG порталына билдирди. Маалым болгондой, кагылышуу Баткендин Ак-Сай айылындагы Тамдык тилкесинде болгон. Ок атышуу тажик жарандарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам чыккан. "30га жакын тажик жараны Кыргызстандын аймагындагы Геревшин дарыясынан Бедек айылына түтүк менен суу алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз чек арачылары бул аракеттин мыйзамсыз экенин эскерткен учурда кошуна жарандар таш менен урушкан. Эскертүү иретинде кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарышкан. Буга жооп иретинде аталган аймакка жакын жерде жүргөн тажик чек арачылары ок атышкан” деп айтылат билдирүүдө. Тажикстан басылмалары бул окуядан бир чек арачы каза болуп, бешөө жаракат алганын билдиришүүдө.
Айта кетсек, учурда Баткенде бийлик өкүлдөрү жана күч кызматкерлери окуя боюнча оперативдүү жыйын куруп жатышат.