"Дом мечты" компаниясы 2 айда үй куруп, каражат үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

3 ай аралыгында үй куруп, ачкычын алуу мүмкүн дегенге көбү ишене бербейт. Бүгүнкү күндө жер тилкесин алуудагы кыйынчылыктар, курулуш материалдарынын баасынын кымбаттыгы турак үй куруу чечилбес маселедей таасир калтырат. Кыштан турак үй курууда чарчы метри кеминде 700 долларга айланат. Толугу менен имаратты курууга 1,5 жыл кетип, 70 миң доллар сарпталышы мүмкүн. 

Азыркы заманбап технологиялардын жардамы менен 2 ай аралыгында үй курууга болору далилденди. Бул батыш өлкөлөрүндө кеңири колдонулганын көрүп жүрөбүз. Азыркы тапта өзүнүн жөнөкөйлүгү, курулуштагы убакыттын үнөмдөлүшү жана ыңгайлуулугу менен көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон технология биздин өлкөдө да белгилүү боло баштады. Эки жылдан бери “Дом мечты” компаниясы ар тараптуу курулуштар менен иш алып барат. Бул аралыкта жүздөгөн имараттарды тургузуп, тийиштүү тажрыйба топтой алды. Мындан улам кыргызстандыктарга турак жайлуу болуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Жеңил болоттуу, ичке дубал конструкциялары өрткө жана 9 баллга чейинки жер титирөөлөргө туруштук бере алат. Анда чарчы метр үчүн болгону 280 доллар талап кылынат. Ал эми темир каркастарга 100 жылдык кепилдик берилет. Жылытуу үчүн пенополиуретанды колдонууда да каражатты үнөмдөөгө шарт түзөт.

Кыргызстанда “Дом мечты” компаниясынын бардыгы "үй куруу узак, кымбат жана түйшүктүү" деген эски стереотиптерди жокко чыгарат. Компания курган имараттардын арасында көп кабаттуу турак жайлар, коттедждер, мейманканалар, ресторан, кафе, унаа жуугуч, унаа оңдоочу жай, жадакалса мектеп, спорттук зал да бар. 

Кененирээк маалыматты (0312) 31-40-51, (0554) 31-40-51, (0779) 31-40-51 телефондору аркылуу биле аласыздар. Ошондой эле Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 42/1 дареги аркылуу толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erni1135
2014-08-04 16:57:31
Саламатсыздарбы,админ сайтын жазып койгулачы.Рахмат...
+1
profesor
2014-08-04 18:34:15
бир уйду тоолугу менен бутуруу учун канча каражат кетет, мисалы ушул суроттогу уйду бутуруу учун? жооп алып бергилечи сураныч.
0
admin_superstan
2014-08-05 12:03:20
Саламатсыздарбы!
Кененирээк маалыматты (0312) 31-40-51, (0554) 31-40-51, (0779) 31-40-51 телефондору аркылуу биле аласыздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан