Алмазбек Атамбаев Ирандын президенти Хасан Роуханиге Тегерандагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 10-августта ондогон адамдын өмүрүн кыйган Тегерандагы авиакырсыкка байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты. Маалыматты президенттик аппараттан билдирди. 

Мамлекет башчысы каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, ушул трагедиянын натыйжасында жапа чеккендердин бардыгы тезирээк айыгып кетишине каалоосун билдирди.

Кечээ, 10-августта Ирандын чыгышындагы Табас шаарына бет алган “Табан” авиакомпаниясына таандык учак Мехрабад аба майданында кырсыкка кабылып, 40ка чукул адам каза тапты. Учакта жалпы 48 адам бар болгон. Алардын ичинен жетөөсү - жаш балдар, сегизи - экипаж мүчөлөрү.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан