Эске салсак, Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Ош, Жалал-Абад шаарларын оңдоп-түзөө мамдирекциясынын мыйзамсыз иштерине байланышы бар болгон 12 чиновникти кызматтан алуу боюнча өкмөт башчыга кат жолдошкон. Ал каттагы 12 чиновниктин арасында Жусупжан Жээнбеков да бар болчу.
2011-2012-жылдары Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиевдин биринчи орун басары болуп иштеген. 2012-жылдын 17-январында аталган дирекциянын башчысы болуп дайындалган. Жогорку Кеңеш мамдирекциянын ишин текшерүүгө алып, эл өкүлдөрү тарабынан түзүлгөн депутаттык комиссиянын эсеби боюнча, Июнь окуясынан кийин үч жылдын ичинде дирекцияга мамлекеттин казынасынан бөлүнгөн каражаттын жана грант, гуманитардык жардам түрүндө келген акчанын жалпы суммасы 11,5 миллиард сомду түзгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө сарпталган 4,6 миллиард сомдун гана документи бар экендиги айтылган. Бирок Жантөрө Сатыбалдиев баштаган мурунку мамдирекция өкүлдөрү депутаттык комиссиянын корутундусунда жазылгандан аз сумманы көрсөтүп жатат. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү бөлгөн каражат, ошондой эле грант жана гумжардам иретинде келген акча 9,3 миллиард сомду түзөт. Анын 7,7 миллиард сомдон ашыгы колдонулган.