Бүгүн, 19-августта президент Алмазбек Атамбаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиевди кабыл алды.
Президенттик аппараттан билдиргендей, жолугушууда Дүйшөнбек Зилалиев Атамбаевге кендерди геологиялык чалгындоо, жер казыналарын пайдалануу укугун лицензиялоо жана аукциондорду өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берди.
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору ведомствонун антикоррупциялык ишмердүүлүгүнө, ошондой эле кенди пайдалануу укугуна жана лицензиялоо процесстери боюнча жүргүзүлүп жаткан конкурстардын бардык этаптарында транспаренттүүлүктү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Президент Кыргызстандын улуттук байлыктарын өлкөнүн кызыкчылыктарына пайдалануу керек экендигин, ал эми объекттерди казып алуу ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу жана алардан мамлекеттик бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү жарандарда шектенүү пайда кылбашы керектигин баса белгиледи.