"Дом мечты" компаниясы үч айда үй куруп, каражат үнөмдөө мүмкүнчүлүгүн түзүүдө

Үй курууда курулуш материалдарынын көп түрдүүлүгүн эске алып, көп варианттарды айтууга болот. "Кыштан курулган үйлөр сапаттуу" деген пикир салттык түрдө калыптанып калган. Бирок мында да бир нече кемчиликтер бар. Алар:

1. Курулуштун кымбат баага бүтүшү (чарчы метри 500-700 доллар);

2. Курулуштун жай ылдамдык менен жүрүшү;

3. Үйдү колдонууга берүүдөгү чыгашалардын көптүгү, жылуулатуу маселелери;

4. Жер титирөөгө туруштук берүүсү.

Жеңил болоттуу, ичке дубал конструкцияларын колдонуп турак үй куруу бардык кемчиликтерди жөнгө сала алат. Бул Европа, Америка жана Азия мамлекеттеринде кеңири таралган. “Дом мечты” компаниясы эки жылдан бери бул тармакта иш алып барып, бир гана Кыргызстанда эмес, Казакстанда да ишмердүүлүгүн жайылтып келет. Бул убакыт аралыгында 100дөн ашуун объект бүткөрүлдү. 

Белгилей кетсек, “Дом мечты” компаниясынын бардыгы "үй куруу узак, кымбат жана түйшүктүү" деген эски стереотиптерди жокко чыгарат. Жеңил болоттуу, ичке дубал конструкциялары 9 баллга жеткен жер титирөөлөргө туруштук бере алат. Компания имараттарды жылытуу үчүн пенополиуретанды колдонууда каражатты 60 пайызга чейин үнөмдөөгө шарт түзөт. Курулушта өрт коопсуздугун сактаган, экологиялык таза материалдар колдонулат. Орто эсеп менен сиздин кыялыңыздагы үй 3 айдын ичинде, чарчы метри 280 долларга бүтөт. 

Сурап-билүү телефону: (0312), (0779), (554) 31-40-51. Ошондой эле компаниянын расмий сайтынан кеңири маалымат алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан