Экономика министрлигинде Кыргызстандын азык-түлүктөрүн Орусияга экспорттоо маселеси талкууланат

Бүгүн, 21-августта Экономика министрлигинде айыл чарба азык-түлүктөрүн Орусияга экспорттоо тууралуу жыйын өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чодуев катышат. Эркинбек Чодуевдин айтымында, айыл чарба азык-түлүктөрүн Орусияга экспорттоо үчүн автотранспорт жолу жана темир жолу менен жөнөтүүнү жөнгө салуу жөнүндө сөз болот. Ошондой эле Казакстандын чек арасынан “жашыл коридор” түзүү жана пайдалануу талкууланат. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан