Кыргыз бильярдчылары Кремлдин кубогунда (фоторепортаж)
Эске салсак, 30-октябрдан 3-ноябрга чейин Москвада бильярд боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кремлдин Кубогу өттү. Ага 236 спортчунун катарында Кыргызстандын атынан 9 өкүл катышты. Алар - Каныбек Сагынбаев, Канат Сыдыков, Кубанычбек Сагындыков, Камолиддин Есиддинов, Улукман Карагулов, Азиз Мадаминов, Качкынбай Нурумбетов, Ызатбек Раатбеков жана Зайлан Адамов. Аталгандардын ичинен мыкты натыйжаны Каныбек Сагынбаев көргөзсө (2-орун), Камолиддин Есиддинов мыкты сегиздикке кирди.