Бишкекке Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон баштаган делегация келди

Бүгүн, 26-августта Тажикстандын вице-премьер-министри Муродали Алимардон баштаган делегация Бишкекке келди. Түшкө жакын мамлекеттик резиденцияда эки тараптуу сүйлөшүүлөр башталат. Анда чек арадагы делимитация жана демаркация маселелери, Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш унаа жолунун курулушу талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.

Айта кетсек, кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жетектейт. Сүйлөшүү эки күнгө созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан