Кыргызстандын ички иштер министри Абдулда Суранчиев бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын ички иштер министри Рахимзода Рамазон жана Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов менен жолугушту. Жолугушууда укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коюлганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, бүгүн Чолпон-Атада КМШга мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Анда кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча эл аралык программаларды ишке ашыруу өңдүү масштабдуу маселелер каралды.