Кыргызстанда 2014-жылдын 6 айында айыл чарба азыктарынын баасы былтыркыга салыштырмалуу 5,5 пайызга өстү

Кыргызстанда 2014-жылдын 6 айында айыл чарба азыктарынын баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5 пайызга өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, картошканын баасы 1,3 эсеге, эттин баасы 5,8 пайызга, сүт азыктары 7,2 пайызга, жумуртка 5 пайызга, жашылчалар 2,2 пайызга өсүптүр. Ал эми буудайдын баасы, тескерисинче, 12,6 пайызга төмөндөгөнү айтылды. 
Ушул жылдын июлунда мурунку айга салыштырмалуу азык-түлүктүк эмес товарлардын баалары жалпысынан 0,7 пайызга өстү. Июлда ысык суунун тарифи (Бишкек шаарында 18,1 пайызга) көтөрүлдү. Ошондой эле бензиндин (6,4 пайызга) жана дизель майынын баалары (5,5 пайызга) жогорулады.
Муну менен катар цементтин баасы (4,3 пайызга), фармацевтика продукциясы (8 пайызга), кийим тигүүчү материалдар (6 пайызга) төмөндөдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан