Эльвира Сариева өлкөдө Орусиянын жарандары ишке орношууга уруксат ала алышпай, кытай жарандары ишке тоскоолсуз алынып жатканын айтты

Чет элдик жарандардын ишке орношуусуна уруксат берүү системинин ачыктыгы өлкөгө инвестиция тартуу үчүн зарыл. Муну вице-премьер-министр Эльвира Сариева 13-сентябрда министрлик, мекемелердин өкүлдөрү менен өткөргөн кеңешмеде билдирди. Кеңешмеде чет элдик жарандардын өлкөдөгү эмгек ишмердүүлүгүнүн көйгөйлөрү, аларга ишке орношууга уруксат берүү маселеси каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Сариева ири инвесторлордон Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине карата даттануулар көп түшүп жатканын айтат. "Орусиянын, Европанын ири инвесторлору өздөрүнүн компанияларынын кызматкерлерин ишке орноштура албай жатышат. Ошол эле учурда Кытайдын көптөгөн жарандары эч кандай тоскоолдуксуз уруксат алышууда. Жакында кабыл алынган мыйзам өкмөткө инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүк берет",- деди Сариева.  
Жыйынтыгында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан