Басма сөз күнүнө карата уюштурулган бильярддык таймаш өз жеңүүчүлөрүн тапты

3-ноябрда Бишкектеги бильярд клубдарынын биринде "Ак калпак" саясий партиясы 7-ноябрь - Басма сөз күнүнө карата журналисттер менен маданият кызматкерлеринин арасында бильярд боюнча мелдеш уюштурду. Партиянын төрагасы Улукбек Маматаевдин айтымында, мелдештин шайлоого карата үгүт иштерине тиешеси жок. "Коомду өзгөртүүдө, чындыкты жана карапайым калктын үнүн жалпыга жеткирүүдө журналисттер менен маданият адамдарынын орду чоң. Ошол себептен кыргыздын чындык үчүн күрөшкөн адамдары көп болсун деген жакшы ой менен бул мелдеш жыл сайын өтүп турат",- деди ал. Жакшы тилек менен уюшулган иш-чара жакшы маанайда өтүп, журналист, ырчы, манасчылар мыкты оюн көрсөтүп, жыйынтыгында төмөнкүлөр жеңишти илип кетишти: 1-орун - Айбек Мамыров ("Ак калпак" партиясы), 2-орун - Алмаз Темирбеков ("Фабула" гезити), 3-орун - Азамат Газиев (дизайнер). Ал эми "Мелдештин мыкты оюнчусу" деп Базарбек Абдураимов ("Супер-Инфо" гезити) табылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан