"Министр байланышта" акциясынын алкагында 22-сентябрь күнү коргоо министри Абибилла Кудайбердиев аткарылып жаткан иш пландарын жарыялады. Радио аркылуу аскердик коопсуздук, аскерлердин социалдык абалы, аскердик кадрларды даярдоо, эл аралык кызматташтык боюнча окурмандардын 20дай суроосуна жооп бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Суроо-жооптон кийин министр Кыргыз аскердик лицейинде жана Куралдуу күчтөрдүн Аскердик институтунда болуп, ал жерде окуп жаткандар менен пикир алышты.