Асылбек Жээнбеков "жаңы паспорттор биометрикалык белгилери менен берилиши керек" деди

Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында “1994-жылдын үлгүсүндөгү КР жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Жогорку Кеңештин тийиштүү токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө” токтомдун долбоору каралды. Талкуу жүрүшүндө төрага Асылбек Жээнбеков каралып жаткан токтом долбооруна карата жөндүү сын-пикирлер айтылганын белгилеп, депутаттар бул жерде так жооп ала албай жатканын, жооп бере турган мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылбай калганын баса белгиледи. “Парламент паспорт берүү жаатында мамлекеттик саясатка таасир бере алгыдай токтом кабыл алышы зарыл. Жаңы паспорттор биометрикалык белгилери менен берилиши керек, ошондо чыныгы мамлекеттик саясат болот”,- дейт ал.

Жыйынтыгында депутаттар аталган токтомдун долбоорун кайра иштеп чыгууга кайтаруу чечимине келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан